Основательница Wildberries Татьяна Ким продолжает заниматься стратегическим развитием объединенной группы Wildberries и Russ (RWB). Об этом сообщили в пресс-службе компании после появления информации о ее уходе с поста гендиректора ООО «Вайлдберриз».
Согласно данным ЕГРЮЛ, с 20 ноября компанию возглавляет Алексей Куликов, а Ким больше не числится среди учредителей. Ранее Евросоюз ввел против нее персональные санкции. Кроме того, в RWB изменилось распределение долей между участниками бизнеса. В компании объяснили это оптимизацией активов.
➖➖➖
Татьяна Кимдин Wildberries компаниясынан кетиши: компания эмне деди?
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким Wildberries жана Russ (RWB) бириккен тобунун стратегиялык өнүгүүсү менен алектенүүнү улантууда. Бул тууралуу анын «Вайлдберриз» ЖЧКсынын башкы директорлук кызматынан кеткени тууралуу маалымат тарагандан кийин компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Юридикалык жактардын мамлекеттик реестринин маалыматына ылайык, 20-ноябрдан тарта компанияны Алексей Куликов жетектейт. Ким мындан ары уюштуруучулардын катарында да көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин Евробиримдик ага жеке санкцияларды киргизген. Ошондой эле RWB тобунда үлүштөр кайра бөлүштүрүлгөн. Компания бул өзгөрүүлөрдү активдерди оптималдаштыруу менен түшүндүрдү.
1️⃣ Наши платформы
⚡️ Подписаться